Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Баракелде

Жогорку сот Садыр Жапаровго карата чыккан айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды

Turmush -  Жогорку сот Садыр Жапаровго карата чыккан айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды. Мындай чечим бүгүн, 13-июнда кабыл алынды.

Муну менен соттук коллегия буга чейинки эки инстанцияны өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту С.Жапаровду 11 жыл 6 ай камакка алуу чечимин чыгарган.

Жактоочунун айтымында, С.Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымталоо уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.

«Сот биринчи 3 берене боюнча С.Жапаровду актады. Аны Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айыптуу деп таап, 11 жыл 6 айга каматты», - деди ал.

Ал эми 15-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровго карата козголгон ишти караган отурум улантылган.
Отурумда Жапаровдун күнөөсү далилденгени айтылган болчу. Жыйынтыгында шаардык соттун судьясы Биринчи май райондук соттун С.Жапаровго карата чыгарган өкүмүн өзгөртүүгө негиз жок деп тапкан. Муну менен С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калган.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1337
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×