Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Баракелде

Сапар Исаковду шаардык сот да камакта калтырды

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочуларынын арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Чечимде С.Исаков тергөө иштеринин аягына чейин камакта боло турганы айтылган.

Жактоочу Учкун Каримовдун айтымында, шаардык соттун чечиминин негизинде Жогорку сотко апелляция менен кайрылуу чечими бүгүн-эртең белгилүү болот.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда 2 айга камакка алынган. Ал ошол күнү саат 16:00дө УКМКнын имаратына кайрадан сурак берүү үчүн кирип кеткен болчу.

УКМКнын тергөөчүсү С.Исаковго карата кабыл алынган баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунуштап, Биринчи май райондук соту 2 айга УКМКнын абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

-----------------------------------------------------------------

29-майда мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон болчу. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.

УКМКнын маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Бөдрөтчүнү (подрядчик) тандоодогу мындай аракеттин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат.
Ал эми Сапар Исаков аны камакка алууга эч кандай негиз жок экенин айткан эле. Ал буга чейин 2018-жылдын 26-апрелинде, 14-майда жана 29-майда суракка чакырылган.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1899
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×