Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Баткен

Кадамжайда 8 миң тоннадан ашык буудай жыйноо пландалууда (фото)

Turmush -  Кадамжайда буудай оруу иштери башталды. Райондо быйыл 2860 гектар аянттан 8595 тонна кылкандуу дан эгин жыйноо пландалууда. Ал үчүн райондук штаб да түзүлүп, ар бир айыл өкмөттө иштер аткарылып жатат. Бирок дыйкандар техниканын эскилигинен жана суунун жетишсиздигинен көйгөйлөргө туш болуп жатышат.

Дыйкан Алмазбек Имаркулов октябрь айында 3,5 гектар аянтка буудайдын эки сортун эккен. Учурда эгиндери бышып, жыйнап жаткан учуру. Дыйкан бул аянттан 3 тонна түшүм алууну көздөп турат. Жыйналган буудайдын 1 кг 20 сомдон сатмакчы. Бирок эгинге суу аз коюлгандыктан, дандары толук жетилбей калды.

«Бул жерге жума сайын суу жайып турушубуз керек. Бирок бизге суу жакшы жетпей, тартыш болуп калды. Жыйынтыгында түшүмдүн дандары толук жетилбей калды», - деди ал.

Бирок буга чейин бул аймакта суунун жоктугунан эгиндер да айдалбай келген. Акыркы жылдары суу түтүктөрү курулуп, аз да болсо суу жеткирилип, дыйкандар түшүм ала баштаган.

«Суу чындыгында кыйын маселе болду. Дыйкандар туура айтып жатат. Биз Бүргөндү, Нургазиев жана Кожо-Кайрык каналында суу түтүктөрүн курдук. Азыркы күндө суу маселеси чечилген десек болот», - деди Кадамжай райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов.

Кадамжай райондук айыл чарба башкармалыгынын маалыматына караганда, мындан сырткары үрөндөрдү жыйноодо техникалардын эскиргени маселе жаратып келет. Райондо жалпы 704 трактор болсо, анын 14% гана, ал эми 31 комбайндын төртөөсү гана жаңыланган.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев бул маселени айыл чарба министрлиги чечип берерин билдирди.

«Биз КРнын өкмөтүнүн жаңы долбоорун иштеп чыгарганбыз. Анда дыйкандар жана оруп жыйноочу комбайндар үчүн эң жакшы шарттар түзүлүп жатат. Мында 2% менен 10 жылга ушул оруп жыйноочу комбайндарды көбөйтүү маселеси коюлган. Мен облус жетекчилигине да айтып кеттим, оруп жыйноочу комбайндардын тизмесин бергиле, биз сөзсүз түрдө жардам беребиз», - деди Чодуев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×