Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Жубайлар: Нарындык С.Тартаков жубайы А.Кыдырбекова экөө Баткендеги чек арада иштеп жатышат (фото)

Turmush -  Саламат Тартаков менен Айпери Кыдырбекова Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек ара бөлүгүндө эмгектенип жатышат. Аймактык кабарчы чек арачы жубайлардан кабар алды.

25 жаштагы Айпери айымдын айтымында, чек арачы болгонуна сыймыктанат.

«Мен Нарын шаарында туулгам. Мектепти аяктап эле Нарын медициналык колледжине тапшырдым. Ал жерди 2013-жылы аяктап, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде иштедим. Кийин жолдошум чек арада иштегенине байланыштуу Баткенге келдим. Бул жерде башта санинструктор, азыр фельдшер болуп иштеп жатам. Жолдошум аяш апамдын иниси болчу. Аяш апам тааныштырып, сүйлөшүп, үйлөнүп калдык. Ал башта чек арачы эмес болчу. Биринчи кызымды төрөгөндөн кийин иштеп калды. Анын артынан биз да келдик. Азыр 3 жыл болду.

Алгач Баткен районунун Таян айылында жашасак, азыр Көк-Таш айылындабыз. Биз бул жерде күнү-түнү ар кандай даярдыкка көндүк. Бат кыймылдаганга, баарына үйрөндүк. Уйкум канбай калды, уктабай калдым деген нерсе такыр жок. Үй жыйналбай калды же балам каралбай калды демей жок. Эмнегедир бул кесиптин ээлери барына — бала караганга да, үй тиричилигине да жетишет. Таң каласың, мүмкүн башка кесипти аркаласак мынчалык иштерге жетишпей калмакпыз. Мен чек арачы экениме өкүнбөйм. Бизге 1 жылда 1 эле жолу эмгек өргүү берилет. Бул убакта биз төркүндү, кайын журтту, тууган-туушкандарды ыраазы кылып, той-топурларды да бүтүрүп келебиз. Достор менен, кыздар менен жолугуп көңүл ачуучу кечелер жок. Ошого да көнөт экенсиң. Бирок бул жерде деле айылдагы жашоочулар, кошуналар менен тил табышып, конок болууга шарт бар, ага да жетишип жатабыз.

Менин Баткенге келип, чек арада иштеп каларым үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Баткен деп кичине кезимде укчумун, бирок ушул жерде кызмат өтөйм деп ойлогон эмес элем. Бул жакка келгенде үй көйгөй болуп жатты. Шаарда ижарага батирди табасың. А бул жакта азыр биз жашап жаткан үй да араң табылган. Ээси жакшы адам, бизден акы да албайт», - деди ал.

Ал эми жолдошу Саламат Тартаковдун айтымында, Көк-Таш чек ара бөлүгүндө 2 жылдан бери кызмат кылып, айылды коён жатагына чейин билип калган.

«1982-жылы Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөм. 2015-жылдан бери чек ара кызматында иштеп келем. Алгач Баткендеги «Боз-Адыр» заставасында иштедим. Кийин «Чарбак» заставасында, «Таян» чек ара постунда иштедим. 2 жылдан бери бул Көк-Таш чек ара бөлүгүндө иштеп жатам. Үй-бүлөдө 5 бир тууган болсок, бир эле мен чек арада иштейм. Чек арачы экениме досторум, туугандарым сыймыктанышат.

Эртең менен байкоо мунарасына келип, кезметте турабыз. Бул жердеги жолдун ары жагы Тажикстан, бери жагы Кыргызстан. Көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул кезметте туруп, байкап жүрөбүз. Чек ара тартиби бузулган жокпу, кирип-чыккандар жокпу деп карап турабыз. Кечке күн ысык болобу, суук болобу, ызгаар болобу, айтор иш токтоосуз уланат. Келечекте балдарыбызды да Мекенди сүйүүгө, кызмат кылууга тарбиялайбыз», - деди ал.

Жубайлар 3 жылдан бери Баткендеги чек ара кызматтарында иштеп, 1 кызды тарбыялашууда. Баткен районунун Көк-Таш айылы Тажикстан менен чектешип, чек арага байланышкан чырлар чыккан учурлар катталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Көп окулду
×