Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуКемин району 14.06.2018 11:10

Жаш талант: Мээргүл таэквондо менен жаңы машыгып баштаганда тажрыйбалуу спортчуларды жеңип алган (фото)

Turmush -  Кеминдик Мээргүл Жумакадырова 1,5 жылдан бери спорттун таэквондо түрү менен машыгып, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Мээргүл Жумакадырова Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Самансур айылында 1999-жылы төрөлгөн.

«Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 1-курсту аяктап жатам. Спорттун таэквондо түрү менен машыгып жатканыма бир жарым жылдан ашты. Негизи спортко кызыгып жүрчүмүн. Эч кимден деле шыктандыруу болгон жок. Өзүмдүн кызыгуум менен спортко келдим.

Таэквондого катышып баштаганыма 1 ай эле болгон кезде бир мелдеш уюштурулду. Ага машыктыруучум мени да катышасыӊ деп калды. Мен болсо мелдешке келген көптөгөн спортчу кыздарды көрүп, кантип жеӊишке жетмек элем, жаӊы эле машыгып баштасам деп ойлодум. Антсе да күчүмдү сынап көргүм келди. Ошентип менден жогорку категориядагы, 3-4 жыл машыккан кыздарды жеӊип, 2-орунду багындыргам. Ошондо абдан кубангам. Учурда спортто жетишкен ийгиликтерим көп. Мелдештерден 3 күмүш, 1 коло медаль жана ардак баракчалар менен сыйландым», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 7 бир тууган.

«Атам электр тармагында эмгектенсе, апам ашпозчулук кесибин аркалап келет. Хоббим — ар түрдүү таттууларды жасоо. Бош убакта достор менен сейилдеп, убакыт өткөрөм. Бирок андай убакыт аз. Келечекке максаттарым абдан көп. Окуумду ийгиликтүү аяктап, кесибим менен иштесем жана ата-энем, элдин сыймыгы болсом дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×