Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Ош шаарынын борбордук аянтында Айт намазы окулбайт

Turmush -  Бул жылы Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулбайт. Аянтта оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу намаз Сулайман-Тоо мечити сыяктуу чоң мечиттерде окулат, деп маалымдайт мэрия.

Ош шаарынын борбордук аянты 2 айга жабылганы 11-майда маалымдалган. Мэриянын билдирүүсү боюнча, аянтты оңдоо иштерине Кытайдан грант катары 27 млн сомго жакын акча жумшалат. Жалпы 900 чарчы метр аянтка толугу менен асфальт басылып, четиндеги тротуарлар жаңыланып, арыктарга чейин оңдолот. Курулушту Кытайдын «China road» компаниясы жүргүзүп, 2018-жылдын 15-июлунда бүткөрүү пландалып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1765
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×