Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.06.2018 14:26

Аймактардан тандалган кыз-келиндер IT тармагында акысыз билим алышат (видео)

Turmush -  Өлкөнүн аймактарында 25 кыз-келин компьютердик технология тармагында акысыз негизде билим алышат. Учурда бул багыттагы долбоордун алкагында IT тармагына кызыккан кыз-келиндерди тандоо жүрүп жатат. Бул тууралуу АКИпресс-Ошто кыз-келиндер үчүн социалдык ишкердик жана лидерликти өнүктүрүү, гранттык окуу боюнча өткөн маалымат жыйында долбоордун координатору Менаше Авигаиль билдирди.

Анын айтымында, кыз-келиндерди окутуу максатындагы долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

«Биз кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу, аларга үйдө отуруп дагы акча табууга көмөк көрсөтүү үчүн бул долбоорду иштеп чыкканбыз. Окууга 15 жаштан 37 жашка чейинки кыз-келиндер катыша алат. Алар күнүнө 5-7 саат убактысын бөлүүсү кажет. Окуу 9 ай бою Бишкек шаарында жүргүзүлүп, 3 баскыч менен кабыл алуу жүрөт.

1-баскычта катышуучулар бизге өздөрү тууралуу маалымат жөнөтүшү зарыл. 2-баскычта оозеки сүйлөшүү жүргүзүлүп, тандалган талапкерлер документтерин тапшырышат. Ал эми 3-баскычта биз тандоо турун өткөрүп, кызыгуусу күч кыз-келиндерди тандап алабыз. Тандалып алынган 25 кыз-келиндин билим алуусу толугу менен акысыз болот. Ал эми жатакана, жол чыгымдарын өздөрү төлөшөт», - деди ал.

IT Академиянын Оштогу координатору Адина Мамадалиеванын айтымында, окуу курсу Беларусь Республикасынын окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт.

«IT тармагы Белоруссияда абдан өнүккөн. Биз алардын окуу программасынын негизинде катышуучуларга окууларды өткөрөбүз. Катышуучулар программалоо, мобилдик колдонмолорду жасоону үйрөнүшөт. Жакшы өздөштүргөн катышуучуларды иш менен камсыз кылууга да көмөк көрсөтөбүз», - деди ал.

IT тармагы учурда талап кылынган кесиптердин бири экенин Менаше Авигаиль кошумчалады.

«Учурда дүйнө жүзүндө IT кызматкерлер жетишсиз. Биз мындан сырткары англис тилин, лидерликти өнүктүрүү, чечендик өнөр боюнча да кошумча сабак өтөбүз. Эгер англис тилди жакшы билгендер болсо чет өлкөдөгү өнөктөштөрүбүзгө байланышып, аларды жумуш менен камсыз кылууга аракет кылабыз», - деди М.Авигаиль.

Буга чейин мындай долбоорлордун алкагында IT тармагы боюнча акысыз билимге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 25 жаран ээ болгон эле.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×