Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Тагдыр: Шал оорусу менен төрөлгөн 37 жаштагы Гүлназдын апасы Ш.Актанованын жашоодогу өксүгү жана ийгилиги (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Шарапат Актанова 3 кыз жана 2 эркектин энеси. Бир кызы шал оорусу менен төрөлүп, Ш.Актанованын жашоого болгон көз карашын өзгөрткөн. Ал учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип, Нарындагы реабилитациялык борбордо иштеп келет.

Шарапат Актанова 1961-жылы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. 8-класска чейин Куйбышев айылындагы мектепте окуп, Нарын педагогикалык окуу жайына тапшырган. 1980-жылы турмушка чыгып, ушул жылдан 1996-жылга чейин Нарын айыл чарба техникумунда лаборант, окуу иштери боюнча секретарь болуп иштеген.

«Балдарымдын ичинен 2-кызым Гүлназ Дүйшеева 1982-жылы төрөлгөн. Жаштык болдубу, айтор мен толготуп келген күнү эмес, эртеси күнү төрөп калдым. Тактап айтканда 1 сутка жатып калдым. Ушул учурда суу кетип, балага кычкылтек жетпей калыптыр. Акушердин кайдыгерлиги болбогондо мындай болмок эмес беле деп ойлой берем. Төрөлгөндө билинген эмес, 4 айдан баштап баланын оорусу билинди. Ага чейин кыргызчалап дарылап баштаганбыз. Эң негизгиси төрөт убагында дарыгерлердин кайдыгерлигинен болуп калды деп ойлойм. 4 айынан баштап колдон түшпөй, эртең мененки саат 6:00гө чейин ыйлап, андан кийин түшкө чейин уктачу. Кийин бир кыйын дарыгер келип, “балдардын шал оорусу” деген диагноз коюп, комиссиядан өткөрүп, майыптуулукка чыгарып кетти. Ошол убакта да жергиликтүү дарыгерлер жакшы кеңеш берсе айыгып кетет беле деп, азыркыга чейин ойлоном.

Гүлназды Ак-Сууга да алып барып көрсөттүм. Бирок жыйынтык чыккан жок. Дүйнө жүзүндө менин эле балам ушундай болуп калгансып ыйлай берчүмүн. Ак-Сууга барганда көзүм ачылды. Башка республикадан келген балдарды көрүп, мен эле эмес экенмин деп калгам», - деди ал.

Шарапат Актанова: «Кийин союз тарап эмне кыларыбызды билбей турганда, балдарыбызды алып Бишкек шаарына бардык. Бир гезиттен “майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы балдар үчүн 3-декабрь — Майыптар күнүнө карата иш-чара уюштурат” деген кулактандырууну окуп калдым. Ошол жерге кызымды алып бардым. Кийин ошол ассоциацияга мүчө болуп кирип, орун басарлыгына чейин жеттим. 2002-жылы кудайдын буйругу менен Нарында реабилитациялык борбор ачылды. Негизи бардык нерсени башынан өткөргөн киши гана түшүнбөсө, көпчүлүк түшүнбөйт экен. Гүлназымды дарылатууга канча аракет кылдым, бирок таптакыр эс-тутумун сактай албай койду», - деди.

Учурда Нарындагы реабилитациялык борбордо 103 адам каттоодо турат. Алардын арасында үйлөнүп, турмушка чыккандар да бар. Шарапат Актанованын кызы Гүлназ Дүйшеева 37 жашта, кара жумушту абдан жакшы жасап, атасына жардам берет. Убагында анын колун сурагандар болгон, бирок балабыз кемсинип калбасын деп ата-энеси бербей коюшкан. Кол өнөрчүлүккө, сүрөткө шыгы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1539
Көп окулду
×