Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.06.2018 16:40

Мекендештер: Германияда акысыз окуп жаткан Канжарбек стипендиясына саякаттайт (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Канжарбек Алдашов. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган. Учурда Германиянын Манхайм шаарында мугалимдик кесип боюнча магистратурада окуп жатат. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш-транспорт жана архитектура университетинин жаңы кесиптер институтунун кризиске каршы башкаруу факультетинде окуган. Андан кийин ошол эле университетте дүйнөлүк экономика факультетинде магистратурада билим алган.

«Кыргызстанда экономика багытында окусам, Германияда Вальдорф педагогикалык университетинде мугалимдик кесип боюнча билим алып жатам. Германиянын эл аралык социалдык программасы менен келгениме 3,5 жыл болду. Окууну кийинки жылы аяктайм. Негизги сабактар немис тили жана математика болот. Германиядан билим алуума Берлиндеги кыргыздар жөнүндө тартылган сюжет түрткү болгон. Ошол жакта окуп жүргөн байке, эжелерди көрүп таасирлендим. Мен дагы аракет кылып, билимимди жогорулатуу максатында Германиядагы университетке тапшырдым. Окуум акысыз, бирок өзүнүн талаптары бар. Айына 700-750 евро стипендия алам. Мындан улам башка өлкөлөрдү көрүп, саякаттоого да шарт түзүлдү. Швейцария, Франция, Испания жана Атлантика океанынын жээктеринде болдум.

Адам канчалык билимге сугарылса, ошончолук көрөңгөсү байып, аз сезими өзгөрөт экен. Билим алууда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген элдер менен сүйлөшүп, дос күттүм. Алар дүйнөнүн ар тарабынан келген ыктыярчылар. Бир жыл өтпөй баарыбыз бир туугандай болуп калдык. Бири-бирибизден жардамыбызды аябайбыз», - деди ал.

К.Алдашовдун айтымында, немистерден көп нерсени үйрөнсө болот.

«Элдери абдан сылык жана жөнөкөй. Биз жаратылышыбыздын кооздугу жана меймандостугубуз менен айырмалансак, алар тактыгы жана сылык мамилеси менен өзгөчөлөнүшөт. Албетте, экономика жаатында алда канча жогору турган өлкө болуп саналат. Биринчи жолу барган күнүм эстен кетпейт. Алгач Германиянын эң чоң өнүккөн шаарларынын бири Франкфурт шаарына бардым. Өнүккөн өлкөгө келгенде таң калып, орусча айтканда «культурный шок» болгом. Биз немистерден тактыкты жана сылыктыкты үйрөнсөк деп ойлойм.

Бош убакытымда көбүрөөк таза абада басып, китеп окуйм. Көп кыймылдаган ден соолукка абдан пайдалуу жана мээни дагы сергитет. Сууда сүзүп, ден соолукту да чыңдап турам.

Максатсыз адам канаты жок кушка окшош дегендей, менин да келечекке болгон максаттарым бар. Буюрса Кыргызстандын пайдубалын бекем курам деген тилегим бар. Өлкөнүн аймагына миңдеген бала бакча, мектептерди куруп, келечекте күчтүү муун тарбиялап, сапаттуу билим берсем дейм. Билимдүү болсок күчтүү мамлекет болобуз. Бул жактын окуу методикаларын Кыргызстандын мектептерине киргизүү менин негизги максаттарымдын бири», - деди К.Алдашов.

Ал бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×