Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.06.2018 23:51

Айыл турмушу: А.Матанов эки буту баспай калгандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелгендерге онго жакын унаа жасап берди (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Амиразим Матанов атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган унаа айдайт. Ага мындай унаа 1990-жылдан бери кызмат кылып келет.

А.Матанов бел омурткасынан операция болгондон кийин эки буту кыймылдабай калганын аймактык кабарчыга айтты.

«Баспай калганымды билгенден кийин “Запорожец” унаасын өзүмө ыңгайлаштырып жасадым. Үйдө жатып калбай, таксист болуп элге аралашып кеттим», - дейт ал.

Ал жалпысынан ушул убакка чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуу кылып он чакты унаа жасаган.

«Кадимки эле унаага атайын темирден жасалган тетик орнотулат. Ал тетикти алып койсо кадимки эле унаадай болуп калат. Газ менен тормоз рулга коюлган, айдаганга жеңил. Жүк ташуучу унааларды деле ыңгайлаштырып жасаса болот», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×