Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.06.2018 21:45

17 жашынан тарта кан донору болгон Эламан досунун агасынын өмүрүн сактап калган (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы №15 мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштеген Эламан Мукашев 17 жашынан бери донор болуп, кан тапшырып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 21 жашта. Ал ардактуу донор болуп, балдарга үлгү болсом дейт.

«Биринчи жолу досумдун агасы жол кырсыгына кабылып, көп кан жоготкондо донор болгом. Досум суранганда эч ойлонбостон барып, кан бердим. Ошол мезгилден тартып кан менен адам өмүрү алмашкыс экенин туйдум. Андан бери 3 жыл өттү. Бул аралыкта 11 жолу кан тапшырдым. Каным адамдын өмүрүн сактап калса экен деп тилейм», - деди жаш мугалим.

Эламан дене тарбия сабагынан мугалим болгондуктан сергек жашоо менен жашап, каны ар убакта жарамдуу.

«Балдарды дайыма спортко тартып, сергек жашоого үндөйм. Сергек жашоо образын карманбагандардын каны керек учурда жарабай калат. Ошондуктан мен балдарды туура тамактанууга да чакырып турам. Аларга үлгү болуп, татыктуу билим берүүнү максат кылам», - дейт жаш донор.

Э.Мукашев 1997-жылы Түп районунун Сан-Таш айылында туулган. Каракол шаарынан мугалимдик кесип алып, эки жылдан бери аталган шаарда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×