Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 14.06.2018 17:32

Былтыр Баткен облусунда сууга чөгүп 5 бала каза болду

Turmush -  2017-жылы Баткен облусунда сууга чөгүп 5 бала каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы өспүрүмдөрдүн сууга чөгүшү боюнча 22 факт катталган.

«Бул фактылардын ар бирине анализ жүргүзүлүп, жаш балдар ата-энелеринин байкабаганынан улам үйдүн алдындагы арыктын суусуна чөккөн учурлар катталгандыгы такталган. Анткени сууга чөккөн көпчүлүк балдар 5 жашка чейинки балдар», - деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери жер-жерлерде ата-энелерге, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×