Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 16.06.2018 10:28

700 миң сомдук контрабанда: Ошто элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып баратышкан

Turmush -  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Оштогу Араван жана Ноокат райондору боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 7-июнда Баткен—Ош унаа жолунда Р.З. башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасын токтотушкан. Аталган ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, текшерүү иштери Кыргызстандын аймагына элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө тыюу салуу максатын көздөйт.

Аталган унааны текшерүү учурунда элдик керектөөдөгү товарлар табылып, бирок тиешелүү документтер болгон эмес. Серепчилер мыйзамсыз товардын орточо баасын 700 миң сом деп баалашты.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) менен кылмыш иши козголуп, тергөөлөр улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×