Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.06.2018 12:53 Жаңыланды: 16.06.2018 17:10 На русском

Видео — Ноокаттын тургундары чөөнүн 8 баласын кармап, үчөөнү зоопаркка беришти

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Таштак көчөсүнүн тургундары чөөнүн 8 баласын тирүүлөй кармашты. Буга чейин райондун аймагында короолорго чейин кол салган чөөлөр тоокторду жеп жаткан эле. Мындай окуя аталган айылда да болгон.

Ал эми чөөнүн 3 баласы Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлгөнүн айылдын тургуну Ибрагим Мурзалиев кабарчыга билдирди. Анын айтымында, чөөлөрдүн кол салуусунан айылдагы тооктордун саны кыйла азайып калды.

«Бизди чөөлөр кыйнады. Тоокторубуз калбай калды. Айылдагы балдар 14-июнь күнү койлорду караганы чыгып, чөө бөрүнүн 8 баласын таап алышыптыр. Алардын энесин кармай алышкан жок. Чөөнүн балдарын Ош шаарындагы зоопаркка алып барышса үчөөнү алып калып, калганын кайтарып беришиптир», - деди И.Мурзалиев.

Учурда чөөлөрдүн бешөө айылдагы тургундардын короосунда багылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×