Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 19.06.2018 08:07 На русском

Видео — Ошто аттестат алып, 9 унаа менен майрамдашкан 40 окуучу 5 миң сомдон айып төлөйт

Turmush -  Кечээ, 18-июнда Ошто аттестат алып майрамдап, унаа айдап бейбаштык кылган окуучулар 5 миң сомдон айып төлөйт. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакиров билдирди.

Анын айтымында, 40ка чукул окуучу айыпталууда.

«Ош шаарынын Киров орто мектебинин окуучулары аттестат алышкан. Алар аттестат алганын салтанаттуу түрдө белгилеп, «Мерседес-Гелендваген» үлгүсүндөгү 9 унаа менен чыгышкан. Биздин кызматкерлер унааларды токтотуп текшерген учурда алар окуучулар болуп чыккан. Учурда унаалар айып короого киргизилди. Автобейбаштык берененин негизинде ар бир окуучу 5 миң сомдон айып төлөйт. Жалпы 40ка чукул окуучу кармалды», - деди Шакиров.

КРнын мыйзамына атайын автобейбаштык боюнча мыйзам киргизилген. Анда 249-берененин 1-бөлүмүнө ылайык автобейбаштык кылган жарандар 5 миң сом айып төлөөсү милдеттендирилген.


Кийинчерээк «Мерседес-Бенц Гелендваген» унаалары (жалпы 9 унаа) менен майрамдап жүргөн окуучулар милиция кызматкерлерин алдап, башка мектепти аташканы белгилүү болду. Бүгүн, 19-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кармалган окуучулар С.Киров атындагы мектебинин бүтүрүүчүлөрү экенин төгүндөдү.

«Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн кызматкерлерине окуучулар жалган кѳрсѳтмѳ беришкен. Иликтѳѳ кѳрсѳткѳндѳй, бул окуучулар чындыгында Ош облустук У.Салиева атындагы жатак мектеп-лицейинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары болуп чыкты. Бул тууралуу тиешелүү маалыматтар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине берилди», - деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×