Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу 19.06.2018 18:19 На русском

Ошто Криминалдык милиция кызматынын башчысы иш бөлмөсүндө сабалды

Turmush -  Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы иш бөлмөсүндө кол алдында иштеген кызматкер тарабынан сабалды.

Turmush басылмасына Ош облустук прокуратурасынан билдиришкендей, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 105-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козголду.

Прокуратуранын маалыматына караганда, ушул жылдын 3-июнунда Ош облустук клиникалык ооруканасына Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Ж.Н. кайрылган. Ал денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

«Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Ж.Н.нын денесине өзүнүн кызматтык иш бөлмөсүндө милициянын каптитаны (Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкери) А.Д. жаракат келтирген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык Ж.Н. денесинен анча оор эмес жаракат алган. Аталган фактынын чын төгүнүн аныктоо максатында кылмыш иш козголуп, тергөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды», - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×