Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто криминалдык милициянын жетекчиси сабалды: Мушташтын себеби — капитандын ачуусу

Turmush -  Ошто мушташкан жетекчи менен кызматкер милиционерлер убактылуу кызматтан четтеп, жетекчи катуу талап койгону үчүн сабалганы айтылды.

Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы менен кызматкердин ортосундагы мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, иш прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмыш иш козголгонуна байланыштуу экөө тең убактылуу иштен четтетилди.

«Криминалдык милиция кызматынын башчысы кол астындагы кызматкерден иштин жыйынтыгын талап кылган жана жетекчилик алдында кызматтык чара көрүлө турганын айткан. Ага териккен кызматкер байкатпастан иш бөлмөдө уруп жиберген. Экөө мушташа кеткен. Тергөөдөн кийин чара көрүлөт», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Turmush басылмасына Ош облустук прокуратурасынан билдиришкендей, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 105-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козголду.

Прокуратуранын маалыматына караганда, ушул жылдын 3-июнунда Ош облустук клиникалык ооруканасына Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Ж.Н. кайрылган. Ал денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

«Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Ж.Н.нын денесине өзүнүн кызматтык иш бөлмөсүндө милициянын капитаны А.Д. (Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкери) жаракат келтирген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык Ж.Н. денесинен анча оор эмес жаракат алган. Аталган фактынын чын-төгүнүн аныктоо максатында кылмыш иш козголуп, тергөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды», - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 955
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×