Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 20.06.2018 11:12

Ош шаардык кеңешиндеги 2 мандаттын ээси аныкталды

Turmush -  Ош шаардык кеңешине 2 депутат кошулду. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында төрага Жапар Ормонов билдирди.

Анын айтымында, «Бир Бол» фракциясынан Алтынай Мамбетова өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган. Ал эми аталган фракциядагы депутат Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудити болуп Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалды. Эл өкүлдөрүнүн мандаты Сейиткасым Курбаназаров менен тамада Эрнис Кулназаровго бериле турган болгон.

Эрнис Кулназаров

Кулназаров

Бүгүн, 20-июндагы сессиянын күн тартибинде 15 маселе каралып жатат. Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, шаардык кеңештин 43 депутаты, Ош шаарынын вице-мэрлери жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×