Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.06.2018 12:18

Ошто жаш жубайлардын 2 жашка толо элек уулу сууга агып кетти

Turmush -  Ош шаарында 2 жашка толо элек баланы суу агызып кетти. Наристе бир нече метр агып барып, арыкка коюлган тосмого такалып калган, деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы.

Окуя кечээ, 19-июнда Достук кичи районунда болду. 2016-жылдын 7-ноябрында төрөлгөн Ильязбек ѳзүнүн үйүнүн аркасынан агып ѳткѳн чоң арыкка түшүп кеткен. Ата-энеси эшикте ойноп жүргөн баласы кѳрүнбѳй калгандан кийин гана издеп баштап, милицияга саат 18:30да кабар беришкен.

«Көз жумган наристенин ата-энеси жаш жубайлар. Бул окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмү тарабынан текшерилип жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×