Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 20.06.2018 15:47 На русском

Эне-баланын кылмышы: Кара-Суудагы тургунду уулу таяк менен чаап жыгылтып, аялы бычактап өлтүргөн

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштык айыл аймагында 37 жаштагы аял уулу менен чогуу күйөөсүн өлтүрдү.

Ош шаардык соту 19-июнда шектүүлөр — 1981-жылы туулган А.Т. (каза болгон адамдын аялы) менен 2002-жылы туулган И.М.ны (уулу) 2 айга камакта калтырды. Алар 17-августка чейин камакта калтырылганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун чечиминде шектүүлөр Жалал-Абад шаарындагы СИЗО-53 мекемесине камалуусу көрсөтүлгөн.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, 16 жаштагы өспүрүм атасын таяк менен бир нече жолу чаап, жыгылткан. Ал эми аялы анын денесине бир нече жолу бычак сайган. Бул маалыматты ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×