Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде кыргызстандык аскер каза болду

Turmush -  Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде кызмат өтөп жаткан чек арачы каза болду. Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдагандай, кыргызстандык чек арачы бүгүн, 20-июнга караган түнү көз жумган.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-июнга караган түнү «Достук — унаа жолу» өткөрмө пунктунда кызмат өтөп жаткан аскер жүрөк оорусунан улам көз жумган. Тиешелүү медициналык текшерүүлөр жана тергөө иштери жүргүзүлдү.

Бүгүн чек арачы Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволорунун жетекчилигинин, аталган кызматтын Ош облусундагы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, кесиптештеринин жана досторунун катышуусунда акыркы сапарга узатылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9929
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×