Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.06.2018 09:30 На русском

Кара-Сууда 42 жаштагы тургунду аялы менен баласы өлтүргөн: Шектүүлөрдүн сүрөтү

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 17-июнда саат 08:00 чамасында 42 жаштагы тургундун жансыз денеси үйүнүн короосунда көмүлгөн абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркум киши колдуу болгону аныкталып, кылмыштын изи сууй электе Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кашкар-Кыштак айылынын тургундары — 1981-жылы туулган А.Х. (каза болгон адамдын аялы) жана 2002-жылы туулган М.у И. (уулу) колго түшүрүлгөн.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка жубайлардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгону аныкталды. Маркум 53 миң сомго автоунаа сатып алып, анын акысын төлөө үчүн насыя алууну чечкен. Бирок аялы насыя алууга каршы болуп, жыйынтыгында талаш-тартыш жаралган.

«Алынган насыяны ай сайын төлөөдө кыйынчылык болгондуктан маркум үйүн сатууну чечкен. Бирок аялы күйөөсүнүн бул чечимине каршы болуп, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Уруш дээрлик 8 айга созулган. Уруштун аягы 42 жаштагы тургундун өлүмү менен аяктаган. 2018-жылы 16-июнга караган түнү 1976-жылы туулган М.А. менен 1981-жылы туулган аялы А.Х.нын ортосунда жаңжал чыккан. Апасына болушкан уулу атасын таяк менен башка чаап жиберген. Ал эми аялы бир нече жолу бычак менен ичине сайган. Алар кылмыштын изин жашыруу максатында денени үйүнүн алдындагы жер тилкеге көмүп, маркумдун атынан "мен капысынан Россияга жумушка кеттим. Силер менен коштошконго убактым болгон жок. Үйдүн документин чоң уулума берип койгула, паспорт алып алсын. Кредитке алган автоунааны сатып кредитти төлөшсүн" деген мазмундагы тил кат жазып, эртеси күнү ал катты туугандарына алып барып көрсөтүшкөн. Бирок маркумдун бир тууган агасы каттагы жазуу башка адам тарабынан жазылганын байкап, 17-июнга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:30 чамасында бир тууганын издеп үйүнө келген. Ал келген учурда маркумдун аялы кан болгон жууркандарын өрттөп жаткан. Өрттөлүп жаткан жууркандарга суу куюп өчүрүп, дароо милицияга кабар берген. Шектүү аял милицияга кабар берилгенин угуп, изин жашырууга үлгүргөн. Милициянын айылдагы ыйгарым өкүлдөрү ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, аталган үйдүн чарбагынан маркумдун жерге жашырылган жансыз денесин табышкан», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×