Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 21.06.2018 10:36

Ош облусунун райондорунда сел каптаган жолдор тазаланууда

Turmush -  Кечээ, 20-июнда Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө сел жүрүп, Ак-Терек–Папан–Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымын (Тарылга тилкеси) каптады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел кечээ саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен улам жүргөн. Селдин калдыктарын тазалоого айыл өкмөттөн 1 экскаватор тартылып, ошол эле күнү 20- ол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иштери бүгүн 21-июнь күнү да улантылат.

Ал эми Араван районунда 15-июнь күнү саат 09:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Караван–Төө-Моюн унаа жолунун 12-чакырымындагы сел өтүүчү каналдан суу ашып, 4 чакырым унаа жолдун ар жерин сел жеп кеткен.

Кырсыктын кесепетин жоюга №44 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, 20-июнь күнү унаа жолдун 50 метр аралыгы калыбына келтирилди. Бүгүнкү күнгө чейин унаа жолдун жалпы 330 метр аралыгы калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү иштери бүгүн 21-июнда дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×