Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ошто бир нече кылмышка шектелген адам 8 жылдан кийин кармалды

Turmush -  Ош шаарында 2010-жылдын 12-июнунда массалык тартип бузуу учурунда кылмыш жасоого шектелип, изделип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 31 жаштагы шектүү кечээ, 20-июнда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (адам өлтүрүү), 233-берене (массалык тартипсиздиктер) жана 175-берененин (тарых жана маданият эстеликтерин, жаратылыш объекттерин атайылап жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Шектүү — Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну шаардын аймагынан сырткары жерде жашынып жүргөн. Буга чейин анын эки шериги кармалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×