Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.06.2018 15:14 На русском

Ошто 1 жаштагы баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет кылган келин камалды

Turmush -  Ош шаарында жайгашкан бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин өзүнүн 1 жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери тарабынан куткарылганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, наристеге кызматкерлер жардам бергенден кийин аман калган. Ал эми жаш эне 48 саатка шектүү катары камакка алынып, Кылмыш-жаза кодексиндеги адам өлтүрүүгө аракет жасоо (28-97-берене) беренесинин негизинде кылмыш иш козголду.

Шектүү келин кылмышка баруусун турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандары каралашпаганы, күйөөсү менен ажырашканы жана жокчулук жашоодон кыйналганы менен түшүндүргөн. Кылмышка шектүү К.К.нын баш коргоо чарасын бүгүн, 21-июнда Ош шаардык соту карайт.

К.К. буга чейин турмушка чыгып, бирок күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ал уулун жалгыз тарбиялап жаткан. Анын оор шартын эске алган «Ак жүрөк» кризистик борбору жардам берип келген. Учурда наристенин ден соолугу канааттандырарлык. Ал шаардагы балдар үйлөрүнүн биринде дарыгер менен тарбиячылардын көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×