Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.06.2018 10:23

Баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет кылган келин 2 айга камалды

Turmush -  Ош шаардык соту 1 жаштагы баласын жаздык менен турчуктурууга аракет кылган келинди 2 айга камакта калтырды. Шектүүнүн баш коргоо чарасы кечээ, 21-июнда каралганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, шектүү келин өзүн да өлтүрүүгө аракет жасаганын айткан.

Буга чейин Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин өзүнүн 1 жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаганы маалымдалган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери жардам бергенден кийин аман калган. Шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги адам өлтүрүүгө аракет жасоо (28-97-берене) беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон болчу.

Шектүү келин кылмышка баруусун турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандары каралашпаганы, күйөөсү менен ажырашканы жана жокчулук жашоодон кыйналганы менен түшүндүргөн. К.К. буга чейин турмушка чыгып, бирок күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ал уулун жалгыз тарбиялап жаткан. Учурда наристенин ден соолугу канааттандырарлык. Ал шаардагы балдар үйлөрүнүн биринде дарыгер менен тарбиячылардын көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×