Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 22.06.2018 14:40

Кара-Сууда жүргүнчү ташыган унаа кырсыкка учурап, 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 21-июнь күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Нурдар айылында болгон унаа кырсыктын кесепетинен улам 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун тургуну Д.Х. жүргүнчүлөрдү ташуучу «Мерседес Бенц 410» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына бара жатып башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып барып, арыктын боюндагы талга урунган. Натыйжада 4 жүргүнчү Кара-Суу Нариман айылдык ооруканасына жеткирилген.

Аталган автоунаа №142 каттамда, Ош шаарынан Нариман айылына жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. Учурда аталаган факты боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×