Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуАраван району 22.06.2018 19:13

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун кароо сунушталды

Turmush -  Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Раимкуловду кызмат ордунан четтетүү Билим берүү министрлигине сунушталды. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн билим берүү тармагын тейлеген куратор Зулпукар Молошев билдирди.

Анын айтымында, аталган бөлүмдүн башчысын ыйгарым укуктуу өкүлдүн жалпы коллегиялык отурумунун чечиминин негизинде кызматынан бошотуу сунушталган.

«Кечээ, 21-июнь күнү коллегиялык жыйын болду. Өткөн жылы Араван районунун окуучулары жалпы республикалык тестирлөөдө эң аз балл алып, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Раимкуловго министрликтен эскертүү берилип, каттуу сөгүш алган. Быйыл кызмат ордун кароо максатында министрликке сунуш бердик», - деди ал.

Өткөн жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Ноокат району жакшы көрсөткүчкө, ал эми Араван району эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон. Быйылкы жылы тестирлөөнүн пайыздык көрсөткүчү толугу менен эсептелип чыгарыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×