Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 25.06.2018 10:08

Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 25-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 25 чарчы метр чатыры жана 2 тонна чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Балдардын от менен ойногону өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Сокулук районунун Комсомол айылында турак үйдөн өрт чыккан. Өрт учурунда 130 чарчы метр чатыры, терезе жана очоккана күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×