Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 25.06.2018 13:49

Оштогу үйдө мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал табылды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы турак үйдө мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу курал табылды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шаарда 1970-жылы туулган жашоочунун үйүн тинтүүгө алышкан.

Оперативдүү маалыматтын негизиндеги текшерүүнүн жыйынтыгында «Сайга МК» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми куралдын ээси сурак берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×