Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 25.06.2018 14:53

Бишкек—Ош жолунда 2 унаа кагышты

Turmush -  Бүгүн, 25-июнда саат 04:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 630-чакырымында жол кырсык катталды. Окуя Өзгөн районунун Лесхоз айылында эки автоунаанын катышуусунда болгон.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Өзгөн районунун 1984-жылы туулган тургуну А.С. өзүнүн «Ваз 21150» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Ал унаа каршы багытта келе жаткан «Хонда Фит» менен сүзүштү. Анын кесепетинен 2 айдоочу жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул окуя боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×