Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 27-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Семир айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 98 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Сасык-Булак тилкесинде ачык аянтта 1 гектар куураган чөп өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 426
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×