Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Эки облустун талашына түшкөн «Түштүк кыргыз цемент» заводу: Бул чырга Ынтымак айылы да кошулду (видео)

Turmush -  Ош жана Баткен облустарынын ортосунда талашка түшкөн «Түштүк-кыргыз цемент» заводунун (Кызыл-Кыя цемент заводу) тагдыры чечиле элек. Бул маселе боюнча АКИпресс-Ошто бүгүн, 27-июнда маалымат жыйын өтүп, Ноокаттын Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундары завод турган аймак Ынтымак айыл аймагына тиешелүү экенин айтып чыгышты. Буга чейин заводду Ноокаттын Т.Кулатов айыл өкмөтү менен Кызыл-Кыя шаары талашып келген.

Парламентте да цемент заводу турган жерди Ош облусуна өткөрүү боюнча токтом талаш жаратып, вице-премьер-министр Замир Аскаров аралашып жатканын айрым депутаттар айтып чыгышкан. Ал эми маалымат жыйындын катышуучулары жер Ынтымак айыл өкмөтүнө карай турганын айтып, президентке да кайрылуу жолдошту.

«Завод турган жерди Кулатов айыл өкмөтү менен Кызыл-Кыя шаары талашып жатат. Он жылдан бери бул маселе чечилбей келет. Жер Ынтымак айыл өкмөтүнө карайт. Аны Кулатов менен Кызыл-Кыя шаары талашып, чече албай жатканы үчүн келдик.

1958-жылы биз Үч-Коргон районунун Сталин колхозу болуп турганбыз. Ал жерди шахтага 1958-жылы Сталин колхозу берди. Бул картада да бар. Биз ал жерди шахта курууга бергенбиз. Жер Ноокат районунун аймагында. Ал жерди биздин Сталин колхозу берген», - деди Ынтымак айыл аймагынын тургуну Рустам Төрөбеков.

Айыл аксакалы Абдимитал Маманазаров жер кайтарылгыча тиешелүү органдарга кайрылуулар токтобой турганын айтты.

«Биз өз жерибизди алышыбыз керек. Жердин Кулатов айылына да, Кызыл-Кыяга да тиешеси жок», - деди аксакал.

Ал эми Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Арат Сейдалиев карта боюнча ал жер Ынтымак айылына катталганы туралуу документтер бар деген жүйөө келтирди.

«Мен депутат катары айтып коюшум керек. 1958-жылы Сталин колхозунун жери болгон. Сталин колхозу азыр Ынтымак айыл өкмөтү. Биз элдин талабын президентке айтабыз. Жер азыркы Ынтымак айыл өкмөтүнө карайт. Муну документтер факты менен айтып турат», - деп кошумчалады депутат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 602
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×