Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.06.2018 10:03

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 28-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылынын Токсомбаев көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн аянты 108 чарчы метр сарайы жана 400 түк чөп күйгөн. Мындан тышкары өрт кошуна үйгө жайылып, 2 кабаттуу сарайынын 75 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×