Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.06.2018 10:36

Өзгөндө 3 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетти

Turmush -  Кечээ, 27-июнда саат 19:00 чамасында Өзгөн шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 3 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул унааны 1995-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, айдоочу наристе жолго чуркап чыга калганын айтууда. Жабырлануучу окуядан кийин Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат.

Учурда бул факт боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×