Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кара-Сууда «КамАЗдын» алдына кирип кеткен жеңил унаанын айдоочусу 1 жаштагы жээни менен каза болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-июнда саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Телман айылында «Форд Мондео» унаасы менен жүк ташыган «КамАз» унаасы кагышып, 2 адам каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Форд Мондеонун» 23 жаштагы айдоочусу Х.М. менен анын бир тууган эжесинин 1 жаштагы баласы Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан айдоочунун 43 жаштагы апасы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Учурда бул факты боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1247
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×