Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 28.06.2018 13:49

Кара-Суу шаарында 28 ѳспүрүмдү ата-энеси араба сүйрөп, тилемчилик кылууга жөнөткөн

Turmush -  Ош ОИИБ менен Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери Кара-Суу шаарында ѳспүрүмдѳрдү мыйзамсыз иштетүүнү алдын алуу жана мындай фактыларды аныктоо максатында атайын рейд уюштурушту. ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айрым ата-энелер жаш балдардын эмгегин ашкере пайдаланып жатканы аныкталды.

Рейд учурунда жалпысынан 28 ѳспүрүм иштеп жүргөнү маалым болгон. Алар Кара-Суу районунун кѳчѳлѳрүндѳ, базарларда жана коомдук тамактануучу жайларда кармалган. Алардын берген кѳрсѳтмѳлѳрүнѳ караганда, ата-энелери эртеден кечке чейин иштетишкен. Ѳспүрүмдѳр соода кылып, араба түртүп, ашпозчу да болсо, айрымдары тилемчилик кылышкан.

Кармалган ѳспүрүмдѳрдүн кѳпчүлүгүнүн ата-энелерине жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 5 ѳспүрүм Ош облустук ѳспүрүмдѳрдүн укугун бузууну алдын алуу борборуна жеткирилген. Алар ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳндөн кийин гана берилди.

Ош ОИИБ ушул максаттагы иш-чараларды улантат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×