Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Акыркы 3 жылда Кыргызстандын 56 жараны кулчулукка кабылган, - коомдук фонд

Turmush -  «Благодать» коомдук фонду Кыргызстандын түштүк облустарындагы жашоочулардын кулчулукка кабылуусун алдын алуу максатындагы биринчи долбоордун башталганын бүгүн, 28-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жарыялашты. Жыйындын катышуучулары белгилегендей, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чет өлкөгө иштегени барып, кулчулукка кабылып жаткан мигранттар жок эмес.

Алар чет өлкөлөрдүн мыйзамын жакшы билбегендиктен ушундай кырдаалга кезигип жатышат. Мындан улам ушул жаатта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен «Благодать» коомдук фонду тарабынан жарандардын кулчулукка кабылышын алдын алуу максатындагы биринчи долбоор ишке кирди.

«Благодать» коомдук фондунун президенти Рахат Шакированын айтымында, бул долбоор мигранттарды кулчулуктан оолак кылууну көздөйт.

«Биздин коомдук фонд Кыргызстандын түштүгүндөгү облустардагы жашоочулардын кулчулуктан оолак болуусун көздөп, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократия комиссиясынын колдоосу менен биринчи долбоорду ишке ашыра баштады. Мигранттар ар дайым эле коопсуз миграциялык багытты тандай алышпайт. Андыктан биз бул багытта Кыргызстандын түштүк облустарында коомдук пикирди жаратып, социалдык тармактарга миграциялык агым жана кулчулук боюнча кененирээк жана көбүрөөк маалыматтарды таркатышыбыз керек. Мындан сырткары бул жаатта жалпыга маалымдоо каражаттары менен да активдүү иштешкибиз келет. Ошондой эле ушул жаатта Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында «Благодать» коомдук фонду көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, маалыматтык мектеп ачат. Ал жактан жарандар психологдон жана юристтерден кеңеш алса болот. Мигранттар чет өлкөнүн мыйзамын билиши керек», - деди ал.

Ал эми аталган уюмдун жетекчиси Эркин Абразаков 72 миң кыргызстандык Россиянын кара тизмесине түшүп калгандыгын, ошондой эле 56 жаран кулчулукка кабылгандыгын айтты.

«Азыр кыргызстандык 72 миң жарандарыбыз кара тизмеде турушат. Акыркы 3 жылда 56 жараныбыз кулчулукка кабылган. Мындан сырткары ар жыл сайын 5 миңге жакын жаран ар кандай себептерден улам депортация болуп келишет. Булардын көпчүлүгү Казакстан, Түркия жана Түштүк Кореядан депортация болгондор болуп саналат. Буга эмне себеп болууда? Биздин жарандардын ошол өлкөнүн мыйзамын билбегендиги, экинчиден өздөрүнүн укугун билбегендиги жана даярдыксыз баргандыгы себеп болуп жатат. Мектепти жаңыдан бүтүргөн балдарыбызды кайда барсаң ошол жакка бар деп жөнөтүп жатканыбыздан жогорудагыдай көйгөйлөр чыгууда.

Ата-энелердин, коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында биздин долбоорубуз иштей баштады. Долбоордун алкагында эл менен тыгыз иштешкен жергиликтүү кеңештин өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик органдар, айыл өкмөттөр жана шаар жетекчилери менен тыгыз кызматташуу аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Бул максатта жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен да келишим түзгөнбүз. Алар аркылуу байма-бай маалыматтар чыгарылып жатат. Бул акыркы жыйыныбыз эмес, биз сиздер менен мындан ары да иштешүүнү каалайбыз», - деди ал.

«Благодать» коомдук фондунун юристи Кумарбек Ромашовдун айтымында, мамлекет миграциялык саясат жаатында чар жайыт иш жүргүзүп келет.

«Тилекке каршы бизде миграция саясатын чар жайыт кылып жиберишти. Кээде миграциялык кызматты жоюп салып, кээде кайра бул кызматты иштетип, кайра башка кызмат түзө коюшуп, баш аламан болууда. Ушундай системанын айынан бүгүнкү күндө депортация болгон жаран кайсыл кызматка кайрылууну билбейт. Анкени миграциялык кызматтын өкүлчүлүктөрү аймактарда иштебейт. Бир гана Ош жана Бишкек шаарларында саналуу адистер иштейт. Ал жерде дагы бир көйгөй бар: Миграция кызматында канчалык деңгээлде кесипкөй адистер иштейт?...», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 524
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×