Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.06.2018 16:45

Төрага Жапар Ормонов: Президенттин кайрылуусу аймактагы жетекчилердин иштөө тартибин өзгөртүүгө себеп болушу керек

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Жогорку Кеңештин трибунасында жасаган кайрылуусунан кийин Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов өз пикирин билдирди. Ал өлкө башчысынын кайрылуусунда мамлекеттин өнүгүүсү аймактардан баштала турганына басым жасалганына токтолду.

Төрага Жапар Ормонов

Шаардык кеңештин төрагасынын айтымында, аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин кайдыгер мамилеси, коррупцияга жол бериши мамлекетке чоң кедергисин тийгизүүдө.

«Президентибиз Сооронбай Шариповичтин бул кайрылуусунан кийин өкмөт мүчөлөрү же Жогорку Кеңештин депутаттары гана эмес, баардык айыл башчылары, шаар мэрлери, райондордун акимдери, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жапа тырмак киришип, өлкө башчыбыз айткан ар бир бөлүктөр боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу зарыл. Буга жергиликтүү кеңештердин депутаттары да четте карап турбастан, эл-жер үчүн президенттин программалык негиздеги кайрылуусун колдоого алып, колубуздан келген жардамыбызды берүүгө даярбыз. Азыркы учурда Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен бул багытта бир топ иш-аракеттерди пландоодобуз. Албетте, президентибиз өз саясатын жүргүзүүнүн жолун ачык-айкын көрсөттү. Аны ишке ашыруу ар бир аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин аракетине байланыштуу. Ошондуктан баардыгы иштөө тартибин түп тамырынан өзгөртүп, бир гана мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн аракеттениши керек. Президенттин кайрылуусу толук колдоого алаарлык», - деди Ж.Ормонов.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×