Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Саунадагы видео же спортчу менен кылмыштуу топтун мүчөсү катышкан мушташ

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Ош шаардык соту бейбашчылыкка шектелип кармалган адам менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн үй камагына чыгарды. Ош ШИИБдин тергөө кызматы шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн келтирген.

ШИИБдин басма сөз кызматы өздүк булактарга таяну менен билдиргендей, 20-июнь күнү шаардын Петров көчөсүндө жайгашкан саунада мушташ чыккан. Оперативдүү тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда жабырлануучулар белгисиз адамдар себепсиз токмоктоп, из жашырып кеткенин айтышкан. Алардын экөөнүн жаак сөөгү сынып, бири жеңил жаракат алганы аныкталды.

Окуядан көп узабай, 25-июнь күнү аталган кылмышка шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын бири — ММА боюнча спортчу, 1994-жылы туулган А. у Б., экинчиси — Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Р. Экинчи шектүү ИИМдин тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы анык болду.

Аларга карата козголгон Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берене (бейбаштык) 105-беренеге (саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) өзгөртүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4029
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×