Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Оштогу каналдын суусу 7 жаштагы баланы агызып кетти

Turmush -  Ош шаарындагы Отуз-Адыр каналынын суусуна агып кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүп жатат. Turmush басылмасына ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя бүгүн, 28-июнда саат 13:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө маалымдалган.

Алгач милиция кызматкерлерине белгисиз адамдар күч менен жаш баланы унаага салып, белгисиз тарапка кеткени маалымдалган. Бирок бул жалган маалымат болуп чыкты. Тактап айтканда, сууга агып кеткен баланын агасы ата-энесин алдаган.

Маалым болгондой, эки бир тууган ата-энеси тыюу салганына карабай каналдагы сууга түшүү үчүн барышкан. Ошол учурда алардын кичүүсүн суу агызып кеткен. Учурда каналдагы суу токтотулуп, издөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 649
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×