Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Оштогу «Ансар» кафеси өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 29-июнга караган түнү саат 04:00 чамасында Ош шаарынын Достук кичи районундагы турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан «Ансар» кафесине жайылды.

ӨКМ билдирген маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен кафенин жалпы 550 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм, ИИМдин 5 кызматкери, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада, газ тармактар ишканасынан 1 бригада, Ош РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.

Жыйынтыгында өрт саат 04:57де чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×