Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 29.06.2018 10:26 Жаңыланды: 29.06.2018 13:42 На русском

Фото — Сууга аккан инисин уурдап кетишти деп алдаган. Ошто 7 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Turmush -  Ош шаарындагы Отуз-Адыр каналынын суусуна агып кеткен 7 жаштагы баланын денеси Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү каналдан чыкты. Бала 10 чакырымдай агып барган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кечээ, 28-июнда окуучу баланы издөө иштери жүрүп жатканын билдирген болчу. Алгач милиция кызматкерлерине белгисиз адамдар күч менен жаш баланы унаага салып, белгисиз тарапка кеткени маалымдалган. Бирок бул жалган маалымат болуп чыкты. Тактап айтканда, сууга агып кеткен баланын агасы коркконунан ата-энесин алдаган.

Маалым болгондой, эки бир тууган ата-энеси тыюу салганына карабай каналдагы сууга түшүү үчүн барышкан. Ошол учурда алардын кичүүсүн суу агызып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×