Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.06.2018 20:15

Жагымсыз жыт тараткан Оштогу таштанды талаа көмүлө баштады (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы таштанды талаа топурак менен көмүлүп жатат. Таштанды төгүлүүчү жер жаз, жай айларында түтөп, жакынкы жашаган Жапалак айылынын тургундарына жагымсыз жагдайды жаратып келгени буга чейин айтылган эле.

Бул көйгөйдү жоюу максатында «Ош-Тазалык» ишканасы тарабынан талаадагы таштандылар топурак менен көмүлө баштады.

«Мындай иштер алгачкы жолу жүргүзүлүп жаткандыктан биз алгач 4,5 миң чарчы метр жерди жабууну пландаганбыз. Оор жүк ташыган унаалар 228 каттам менен топурак алып келип төксө, аны техникалар сүрүп, көмүшөт. Төгүлгөн топурактын калыңдыгы 1 метрдей болот. Эгер бул ыкма оң натыйжасын берип, таштандылар түтөбөй калса таштанды талаа толугу менен ушундай ыкма менен жабылат.

Бул талаа шаар аймагындагы шишкебек, самса, нан бышыруучу жана тамактануучу жайлардын ашканасынан чыккан ысык чоктордон тутанып, түтөп жатат. Көпчүлүк учурларда өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, кээде өзүбүз суу чачып, түтүндү жалындатпай токтотуп калууга аракет кылып келебиз», - деди мекеменин жетекчиси Талант Капаров.

Ошондой эле таштанды талаасын залалсыздандыруу жумуштары белгиленген мөөнөттө аткарылууда. Шаардык залалсыздандыруу бекети зыяндуу курт-кумурска, чымын-чиркейлерди жок кылуу максатында дарылоо иштерин жүргүзөт.

Ош шаарынын таштанды талаасы калаадан 7 чакырым алыста жайгашкан. 1959-жылы негизделген талаанын жалпы аянты 54 гектарды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×