Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.06.2018 14:47 На русском

Фото — «Акча таап бербесең ѳлтүрѳм»: 75 жаштагы энени өзүнүн уулу таягы менен сабады

Turmush -  Ош шаарында мурда сот жообуна тартылган адам өз энесин таягы менен сабады. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, нѳѳмѳт бѳлүмгѳ 26-июнда Абжалов кѳчѳсүндѳгү жашоочулардан маалымат түшкѳн. Алар аталган кѳчѳнүн тургуну ѳзүнүн карыган энесин сабап жатканын билдиришкен.

Айтылган дарекке барган ыкчам тергѳѳ тобу тарабынан 41 жаштагы С.Э. кармалып, ал ѳзүнүн 75 жаштагы энесин мас абалда ур-токмокко алганы маалым болду.

Ал эми апасынын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, баласы анын таянып жүргѳн таягын колунан жулуп алып сабаган. Жыгылып калганда таяк менен муунтуп: «акча таап бересиң, болбосо ѳлтүрѳм» деп коркуткан.

«Жабыркаган эне Ош облустук ооруканага жеткирилди. Энесин урган адам мурда ѳзгѳчѳ оор кылмыш үчүн (адам ѳлтүрүү) жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп келген. Кечээ, 28-июнда Ош шаардык соту кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны бир айга абакта кармоо чечимин чыгарды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин кылмыш беренеси ѳзгѳрүшү мүмкүн», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сѳз кызматынын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×