Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 30.06.2018 10:24 На русском

Ошто табылган табыт менен Хакасияда каза болгон өспүрүмдүн денеси алынып келген

Turmush -  Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү таштанды таштоочу челектин жанынан табылган табыт боюнча милиция кызматкерлери иликтөө жүргүздү.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин иликтөөсүнүн жыйынтыгында аталган табыт менен Россияда каза болгон 2002-жылы туулган өспүрүмдүн денеси алынып келгени аныкталды. Маркум жигит Хакасияда (Россия Федерациясынын аймагына карайт) сууга чөгүп каза болгон.

Анын атасынын айтымында, уулунун денесин кепиндеген соң табытты таштанды челекке таштап коюшкан. Маркумду атасы 1964-жылы туулган, Россиянын жараны. Өспүрүм кечээ, 29-июнда Ош шаарында акыркы сапарга узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×