Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Кара-Суунун Жылкелди айылындагы негизги жолго асфальт төшөлдү (видео, фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылынын негизги көчөсү асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Тыныч Бектиров билдирди.

Анын айтымында, Жылкелди айылындагы 1 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

«Биз асфальт төшөөгө жергиликтүү бюджеттен 1 млн 600 миң сом каражат бөлдүк. 1 чакырым жолдун жарымын оңдоого айылдагы демөөрчүлөр жардам беришти. Учурда жол асфальтталып бүтүп, пайдаланууга берилди. Мындан сырткары быйыл ички жолдорго шагыл төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каралган», - деди Т.Бектиров.

Бүгүн, 30-июнь күнү айыл эли көптөн күткөн жолду ачуу үчүн чогулушту. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол көйгөйү көп жылдан бери чечилбей, жаан-чачында ыңгайсыздык жаратып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 760
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×