Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ноокат 30.06.2018 15:50 На русском

35 жаштагы Ж.Тиллаев Ноокат шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Тиллаев Жолой Арапбаевич Ноокат шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси кызматына дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ж.Тиллаев 2014-2018-жылдары Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана бөлүм башчысы болуп иштеген. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 1 кыздын атасы. Мэриянын аппаратынын мурунку жетекчиси Г.Жолдубаева өзүнүн арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×