Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуНоокат району 30.06.2018 16:01

Ноокатта 7 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Turmush -  Кечээ, 29-июнда саат 11:00 чамасында Ноокат районунун Бел айылында 7 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Түзүмдүн маалыматына караганда, кырсыкка кабылган «Дэу Нексия» унаасын Он-Эки-Бел айылынын 1958-жылы туулган тургуну Т.М. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен денесинен жаракат алган 7 жаштагы наристе Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилди.

Учурда бул факты боюнча РИИБ тарабынан тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×