Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуНоокат району 02.07.2018 12:06 Жаңыланды: 02.07.2018 13:23

Арактын бөтөлкөсү менен таштандыга толгон Кыргыз-Ата улуттук паркындагы баш аламандык (видео, фото)

Turmush -  Ноокаттагы Кыргыз-Ата улуттук паркында имараттар, боз үйлөр, ажатканалар жана мал союучу жайлар мыйзамсыз курулганы аныкталды. Ошондой эле улуттук парк ар кандай таштандыларга толгон, деп билдирди айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов.

Бул жерге атайын текшерүү жүргүзүлүп, Кара-Кой жайлоосундагы эс алуучу жайлар өсүп турган арчаларды отунга колдонгону да маалым болду. Текшерүү иштерине тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышкан.

«Кыргыз-Ата айыл аймагындагы бала бакчалардын жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана жашоочулар Кыргыз-Ата паркындагы эс алуучу жайдан чыккан сыркынды суулар дарыяга кошулуп агып жатканы боюнча арыз жазышкан. Анын негизинде атайын комиссия түзүлүп, текшерүү иштерин жүргүздүк. Анда Кыргыз-Ата улуттук паркынын аймагында жайгашкан "Кара-Кой" эс алуу жайы экологиялык жана санитардык жактан коркунучтуу абалга келгендиги аныкталды. Тактап айтканда, жай мезгилинде Кара-Кой жайлоосуна келген эл алуучулардын саны өсүп, учурда күнүнө 500дөн көп автоунаалар менен эс алуучулар келип жатканын билдик. Андыктан эс алуучуларды тейлеген эс алуу жайлары көбөйүп, алардын баары санитардык жана экологиялык шарттарга жооп бербесе да ишин жүргүзүп келет.

Күнүнө 40-50гө жакын мал союлуп, алардын ичеги-карынын дарыяга жууп, ыргытып жатышканына да күбө болдук. Дарыяга жакын курулган дааратканалардан тарта мал союучу, таштанды таштоочу жайлар эч кандай санитардык абалга жооп бербейт. Мыйзам боюнча курулуштар дарыядан кеминде 20-50 метр алыста болушу керек. Алардын дааратканалары, таштанды таштоочу жайлары дарыяга 10 метр жакын жайгашып, жаан жаап, сел каптаган учурда дарыя булганып жатат.

Кыргыз-Ата дарыясынан аккан сууну 5 айыл өкмөт, башкача айтканда 100 миңге жакын эл колдонот. Андан сырткары 10 миңден ашуун мал-жандыктар жайлоого чыгарылат. Ал эми биздин көзүбүзчө Кыргыз-Ата паркына кирүүчү посттон 200гө жакын мал өттү. Бирок Кыргыз-Ата улуттук паркынын жетекчиси Мамадали Дүйшеев баштаган жумушчулар автоунааларга, адамдарга, боз үйлөргө, эс алуу жайларга алынуучу төлөмдү каттоо баракчасына толук жазбай, акча каражаты мамлекеттин казынасына толук түшпөй жатканы өкүндүрдү. Мисалы, 200-300 автоунаа эс алуу жайына кирсе каттоо баракчасына 20 автоунаа деп гана түшүрүлгөн. Улуттук парктын жетекчиси өзү отурган ишканасынын имаратын Кыргыз-Ата айыл аймагына эмес, 30 чакырым алыстагы Зулпуев айыл аймагына жайгаштырган. Анын иштеген жери алыс болгондуктан улуттук парктан көп кабар албайт.

Кыргыз-Ата улуттук паркынын аймагына эч кандай мал жаюуга, эс алуу жайларын курууга мүмкүн эмес. Андыктан ал жерде бардык аткарылып жаткан иштер мыйзамсыз. Ага карабай бүгүнкү күндө да эс алуу жайлары туш келди адамдарга берилип жатат. Жыйынтыгында Кыргыз-Ата улуттук паркынын жетекчиси Мамадали Дүйшеевдин шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн Жогоку Кеңешке кат жолдонду», - деди Бакытбек Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×